Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Курал аткезчиси Виктор Буттун иши уланууда


АКШда соттолгон орусиялык курал аткезчиси Виктор Бут негиздеген мыйзамсыз сооданы анын жакын шериктери улантышууда. Мындай билдирүүнү шейшембиде бейөкмөт Conflict Awareness уюмунун аткаруучу директору Кэти Линн Остин жасады. Анын айтымында, ал мыйзамсыз иш-аракеттерге Буттун кылмыш ишинде келтирилген көптөгөн адамдар аралашкан.

Уюмдун докладында Сергей Денисенко жана Андрей Касалапов аттуу Буттун жардамчылары жүргүзгөн кылмыштуу иштер тууралуу айтылат. Виктор Бут терроризм үчүн айыпталып, жыл башында 25 жылга абакка өкүм кылынган. Процессте ал өзүнүн күнөөсүн четке кагып келди.

XS
SM
MD
LG