Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Аба ырайы: сел коркунучу сакталууда


Кыргызстанда 18-20-июль күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам тоолуу жана тоо этектеген ойдуң жерлерде сел жүрүшү мүмкүн.

19-июлда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жерлерде кар түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 31…36 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 30…35 градус жылуу.
Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34 градус жылуу.
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37 градус жылуу.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28 градус жылуу.
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 26…31 градус жылуу.

Бишкекте 19-июлда жаан жаабайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18... 20, күндүз 34... 36 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 17-июлда күндүз 21, ал эми 18-июлда эртең менен 20 градус болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG