Операция Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илимий-изилдөө борборунда жасалды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиришинче, 22 жаштагы балага энесинин бөйрөгүн салуу ийгиликтүү аяктады. Операциянын башында Түркиядагы клиникалардын биринде иштеп жүргөн кыргызстандык дарыгер Эркин Орозакунов турду.
Буга чейин Бишкекке Беларустан беш дарыгер келип, кыргызстандык кесиптештерине бөйрөк алмаштыруу боюнча алгачкы операцияга көмөктөшкөнү жатканы маалымдалган.
Кыргызстандын өзүндө буга чейин бөйрөктү алмаштыруу операциялары жасалчу эмес. Бейтаптар негизинен Казакстан, Кытай, Орусия, Түркия жана Пакистанга барышчу. Жыл сайын өлкөдө бөйрөгүн алмаштырууга муктаж 300дөй оорулуу катталат. Бирок алардын саналуусу гана колунда каражат болсо операция жасатат. (EBM)