Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:48

Сирия боюнча жаңы резолюцияга карата Орусия менен Батыш мунаса таба элек


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде Сириядагы кырдаалга карата добушка коюла турган резолюциянын тексти боюнча Орусия менен Батыш эки башка позицияны карманууда. Орусия азырынча АКШ менен анын европалык өнөктөштөрү сунуш кылган резолюцияга макул болбой жатат. Анткени ал документте “Сириядагы согушту токтотуш үчүн сырттан өлкөгө куралдуу чабуул жасалышына уруксат берилиши мүмкүн” экенин айгинелеген санкция киргизүү каралган. Кечээ Орусия резолюциянын өзү оңдогон вариантын сунуштап, анда санкцияны кошкон эмес.

Улуттар уюмунун жаңы резолюциясы азыр Сирияда абалга көз салган эл аралык байкоочулардын миссиясын дагы узартышы керек, анткени жума күнү алардын иш мөөнөтү аяктайт. Бүгүнкү добуш берүүнүн алдынан Сириянын коңшусу Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшөрү айтылган. Сирияга санкция киргизүүгө каршы болгондордун катарында Орусиядан сырткары Кытай да бар.

XS
SM
MD
LG