Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

Ооганстанда НАТОго жүк ташып бараткан 23 машине жок кылынды


Ооганстанда козголоңчулар НАТОнун аскерлерине жүк ташып бараткан 23 машинени жана күйүүчү май куюлган цистерналарды жок кылышты. Түндүктөгү Саманган провинциясынын коопсуздук кызматынын башчысы Халил Абдараби “Азаттыкка” айтканына караганда, бузулган машинелердин 19 күйүүчү май ташыган цистерналар бар болчу дешет. Анын айтымында, кеминде бир машиненин айдоочусу жаракат алган. Калган айдоочулардан кабар жок. Көрсө Өзбекстандан жүк артып жолго чыккан айдоочулар Ооганстандын Рабатак аймагында эс алганы токтошкон экен. Ошондо аларга чабуул болгон.

XS
SM
MD
LG