Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Айсулуу Тыныбекованы колдогон акция өттү


Жарандык активист, укук коргоочу Өнүдүрүш Токтонасыров бүгүн Бишкекте Дене тарбия жана спорт агенттигинин алдында балбан кыз - Айсулуу Тыныбекованы колдоп акцияга чыкты. Анын “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандын атынан олимпиадага жөнөп жаткан балбан кызды каралоо, кемсинтүү болуп жатат. Токтанасыров Тыныбековага козголгон кылмыш ишти олимпиадага барып келгиче токтото туруу өтүнүчү менен өкмөткө, Кыргызстандын олимпиадалык комитетине кайрылганын маалымдады.

Тыныбековага бейбаштык кылды деп кылмыш иши козголгону айтылууда. Эркин күрөш боюнча спорт чеберин Нуриля Кочкорбаева аттуу жаран 17 жаштагы кызын сабап, мурду сынып, мээси чайкалды деп сотко кайрылган. Окуя ушул жылдын апрель айында болгон. Жабырланды деген тарап соттон моралдык чыгым үчүн 500 миң сом өндүрүп алууну көздөөдө.

Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков так олимпиадага жөнөөр алдындагы көтөрүлгөн чууну каралоо аракеттери менен түшүндүрүүдө.

Айсулуу Тыныбекова өлкөнүн эгемен тарыхында Олимп оюндарына жолдомо алган алгачкы балбан кыз. (EBM)

XS
SM
MD
LG