Мамлекеттик каттоо кызматы унааларды каттап жетише албай жатканын мойнуна алды. Кызматтын расмий билдирүүсүнө ылайык, соңку күндөрү унааларды каттоо 65 пайызга көбөйдү. Бирок 2012-жылы штат 20 пайызга кыскаргандыктан каттап үлгүрө албай жатат. Бирок каттоону жөнөкөйлөштүрүү жолдору каралууда. Ага ылайык, жакын арада жарандарга аталган кызматтын Интернет сайты аркылуу кайрылып, арыз жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Ошондой эле айдоочунун күбөлүгүн алмаштыруу, экзамен алуу боюнча кошумча бекеттер ачылат.
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 17-июлда өкмөт жыйынында унааларды каттоо боюнча сын айтып, алешемдиктерди жоюуга 2 жума мөөнөт берген. (EBM)
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов 17-июлда өкмөт жыйынында унааларды каттоо боюнча сын айтып, алешемдиктерди жоюуга 2 жума мөөнөт берген. (EBM)