Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

Камерон: Ооганстандагы аскерлердин бир бөлүгү эмки жылы чыгарылат


Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Камерон Ооганстандагы аскерлердин бир бөлүгү эмки жылы чыгарыларын бышыктады. Премьер кечээ Ооганстандын Гелманд чөлкөмүндө болуп кетти.

Лашкар Гах жана Над Али базаларында британ жоокерлери менен жолугушуудан кийин ал коопсуздукту камсыздоо милдетин жергиликтүү күчтөргө өткөрүү процесси ийгиликтүү жүрүп жатат деген ою менен бөлүштү.

Британ контингенти 9 жарым миндей жоокерди камтыйт жана сан жагынан АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Декабрга чейин 500дөй аскер мекенине кайтарылат деп күтүлүүдө. НАТО Ооганстандагы бейпилдик күчтөрүн 2014-жылдын этегине чейин чыгарууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG