Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Болгарияда теракттан 7 киши набыт болду


Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху Болгариянын Бургас шаарындагы автобус жардыруусу үчүн Иранды айыптады. Премьер Тегерандын мындай иштерине “катуу жооп кайтарыларын” эскертти.

Болгария бийликтери маалымдашкандай, кечээки теракттан 7 киши набыт болду. Болжолу менен алардын бардыгы Тел-Авивден жаңы эле учуп келген израилдик туристтер болчу. Жардыргыч зат аэропорттогу автобуска коюлганы маалымдалууда.

Болгариянын тышкы иштер министри Николай Младенов мындай карасантайлыкты айыптап, кылмышкерлерди табуу үчүн бар аракет жумшаларына ишендирди. АКШ президенти Барак Обама жардырууну “варвардык теракт” деп атады.

XS
SM
MD
LG