Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

Сирия ички иштер министри ооруканада көз жумду


Сирия ички иштер министри Ибрагим ал-Шаар кечээ оор жарааттардан ооруканада көз жумду. Ага чейин кабарлангандай, өкмөт жыйыны өтүп жаткан имараттагы жардыруудан коргоо министри Дауд Ражиха, анын орун басары – президент Башар Асаддын күйөө баласы Асеф Шавкат жана Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы Хасан Туркомани мерт болушкан. Дагы бир нече жогорку кызматкер жараат алды. Алардын арасында чалгындоо кызматынын жетекчиси Хишам Бехтияр да бар деп маалымдалууда.

Кол салуу үчүн жоопкерчиликти Сириянын Эркин армиясы өзүнө алды. Ошол эле маалда исламчыл козголоңчулардын “Лива ал-Ислам” тобу да жардырууну уюштурганын ырастоодо.

Окуядан кийин Дамасктин көчөлөрүн кайтарууга кошумча полициячылар тартылды.
Ак үй жардыруу Асад өлкөдөгү көзөмөлдү колунан чыгарып жатканын айгинелейт деп комментарийледи. Вашингтон эл аралык коомчулукту Сириядагы бийликти өткөрүү планын жактырууга үндөдү.

БУУ Сирия режимине каршы санкцияларды киргизүүнү караган резолюция долбоорун колго салууну кийинкиге жылдырды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров резолюцияга вето койорун эскретти.

Ал эми Сириянын региондогу шериги Иран кечээги жардырууну айыптады.

XS
SM
MD
LG