Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Сирияда сутка ичинде 200дөн ашуун адам окко учту


19-июлга оогон түнү Сириянын бир нече аймактарында оппозициялык күчтөр менен өкмөттүк аскерлердин аткылашуусунан 200дөн ашуун адам набыт болду. Борбор калаа Дамаскта аткылашуу түнү бою уланды.

Оппозициялык күчтөр бийлик танк жана артиллерия менен аткылап, өлгөндөрдүн саны улам көбөйүп жатканын билдирүүдө. “Өткөн суткада окко учкандардын көпчүлүгү карапайым сириялыктар болду”, - деп билдирүү таратты кеңсеси Лондондо жайгашкан адам укугун коргоочу сириялык уюм.

Уюмдун маалыматы боюнча, шаршемби күнү набыт болгондордун 124ү карапайым тургундар, 62си аскерлер жана 28и көтөрүшчүлөр. Кечээ Сирияда жанкечтинин жардыруусунан улам коргоо министри Дауд Ражиха, анын орун басары – президент Башар Асаддын күйөө баласы Асеф Шавкат, ички иштер министри Ибрагим ал-Шаар жана Өзгөчө кырдаалдар мекемесинин башчысы Хасан Туркомани мерт болушкан.

XS
SM
MD
LG