Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

Татарстан: кол салуудан муфтий жараат алып, орун басары көз жумду


Татарстандын борбору Казанда өлкөнүн муфтийи Илдус Файзов белгисиз адамдардын кол салуусунан улам жараат алып, азыр оор абалда ооруканада жатканын өлкөнүн дин башкармалыгынын башчысы Ришат Хамидуллин билдирди. Ал эми анын орун басары Валиулла Якупов көз жумганын Орусиянын Тергөө комитетинен маалымдашты.

Азырынча такталбаган маалыматтар боюнча, муфтийди өздүк машинесинде жардырып жиберишкени айтылууда. Якуповду болсо үйүнөн чыгып бараткан жеринде атып кетишти.

XS
SM
MD
LG