Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Элдик курултай Жалал-Абадда кеңешти


Курултайдын облустук кеңеши бир жарым айдын ичинде Көк-Арт жана Арстанбап аймактарында элдик курултайларды уюштуруу менен аксакалдар кеңешин жана кырк чоролорду уюштурууга милдеттендирилди. Мындай топтор жакында Аксы районунда эки, Сузак районунда бир айыл өкмөттө түзүлгөн.

Элдик курултай Жалал-Абад облусунда төрт, ал эми жалпы республика боюнча 21 аймак түзүүнү белгилеп, курултай мыйзамы Жогорку Кеңештин биринчи окуусунан өткөндөн кийин карала электигин билдирди. Курултай мыйзам долбооруна ылайык, 900 адамдан турган Улуу Элдик курултайда президент жылына бир жолу отчет берүүгө жана ошол курултай тарабынан беш жылда бир шайлануусу тийиш.

Облустук аксакалдар кеңешинин төрагасы Адыш Кочкоров элдик курултай селден быйыл жабыркагандардын жана Бүргөндү - Жалал-Абад жолун оңдоо өңдүү
маселелерди бийлик алдына койо албагандыгын сындады. (YA)

XS
SM
MD
LG