Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Аксыда мүмкүнчүлүгү чектелген таланттар тандалат


21-июлда Кербен шаарында мүмкүнчүлүгү чектелгендердин республикалык музыкалык экинчи фестивалы өтөт. Фестивалды Жалал-Абад облусундагы коомдук беш уюм уюштурууда. Алардын бири, "Цефей" коомдук уюмдун башчысы Бактыбек Калиевдин билдирүүсүнө караганда, музыкалык мелдеште мүмкүнчүлүгү чектелгендер ыр, бий, музыкалык аспаптарды аткаруу жаатында таймашат. Ага өлкөнүн аймактарынан 70-80 чакты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын келери күтүлүүдө.

22-июлда мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Сары-Челек көлүнө саякат уюштурулат. Мындай музыкалык туңгуч фестивал буга дейре Ысык-Көл облусунда өткөн. (YA)

XS
SM
MD
LG