Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Сирияда Өкмөт үйүнүн жанында аткылашуу күчөдү


Сириянын борбору Дамаск шаарында өкмөт үйүнүн тегерегинде оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышуусу бир нече ирет катталды. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, армия артиллерия жана танктар менен шаар четиндеги айылдарды аткылады. Оппозиция жогорку даражадагы чиновниктердин өмүрүн алган кечээки жардыруудан кийин өкмөт айоосуз чабуулга өткөнүн айтууда.

Президент Башар Асад жардыруудан кийин эч кандай билдирүү жасаган жок, ал ошол окуядан бери коомчулукка көрүнө элек. Бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши Батыш өлкөлөрү сунуштаган “Сирия бийлигине каршы катаал санкциянын” долбоорун карайт. Бул резолюциянын долбоорун Орусия жана Кытай да колдошу мүмкүн деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG