Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:05

Бишкек шаардык соту Сабировдун доо арызын карайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокатарынын бири Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Ташбалтаевдин айтымында, 19-июлга белгиленген сот процесси Сабировдун дагы бир жактоочусу Икрамидин Айткуловдун бошобой калганына байланыштуу бүгүнкүгө калган.

Адвокаттар Бишкек шаардык сотунан Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүнүшүүдө. 6-июлда аталган райондук сот Сабировду 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин кабыл алган.

Социалдык өнүктүү министри Равшан Сабиров 5-июлда камакка алынган. Башкы прокуратура министр менен анын жардамчысы кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, акча өндүргөн деген айып менен кылмыш иш козгогон. Атайын кызмат бул акча кыргызстандык балдарды башка өлкөгө асыроого берүүнү уюштурган чет өлкөлүк фирманы каттоо үчүн талап кылынганын билдирген. (BkA)

XS
SM
MD
LG