Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:04

Бүгүн Кыргызстанда Орозо башталды


Мындай чечимди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабыл алган. Мындан улам бүгүнтөн тарта өлкөдөгү мусулмандар ислам дининин негизги парздарынын бири катары - Орозо кармашып, отуз күн бою таңдан кечке чейин наар албай жүрүшөт.

Мындан улам муфтийдин милдетин аткаруучу Рахматтулла ажы Эгембердиев жалпы момун мусулмандарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Ал ыйык Рамазан улуттук өзгөчөлүктөр менен түрдүү көз караштарды коомдук байлык кыларын белгилеген. Муфтий куттуктоосунда бул айды ынтымак жана биримдикке алып келген мезгил менен мейкиндиги катары сыпаттаган.

Муфтияттын уламалар кеңешинин чечими менен Кыргызстанда 19-августта Орозо айт белгиленет. Битир-садаганын өлчөмү быйыл киши башына 25 сом деп чегерилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG