Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Болгария 18-июлда болгон жардырууну иликтөөдө


Болгариянын Бургас шаарында шаршембиде болгон жардырууну иликтөөгө ФБР жардамдашат.

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху ал терактты Ливанда жайгашкан "Хезболла" уюму Иран менен биргелешип уюштурган деп билдирди. Кол салуудан 6 киши, анын ичинде израилдик 5 турист мерт кеткен, 30 чактысы жарадар болгон. Иерусалимдеги пресс-конференцияда премьер "Хезболланы" “Ирандын узун колу” деп атады:

- Кечээ Болгарияда жасалган чабуул Ирандын алдыңкы террорчул өкүлү - "Хезболла" тарабынан ишке ашырылган. Ал кол салуу Иран жана "Хезболла" жургүзүп келаткан глобалдуу террордук кампаниянын бир бөлүгү. Ал кампания 5 континентте ондогон өлкөлөргө жайылган.

Нетаняху Израил терроризмге каршы күрөшүн уланта берет, - деп кошумчалады.
Тегеран Израилдин айыптоолорун “күлкү келээрлик” деп четке какты.

XS
SM
MD
LG