Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Сирия боюнча жаңы резолюция долбооруна вето коюлду


Кытай менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча жаңы резолюция долбооруна вето коюшту. Батыш иштеп чыккан документте Башар Асаддын режимине каршы санкцияларды кеңейтүү жана байкоочулар миссиясынын мөөнөтүн узартуу каралаган. Ветодон кийин Британия байкоочулардын дагы бир айга калышына жол ачкан техникалык резолюцияны сунуш кылды.

Ал тапта козголоңчулар өкмөттүк армиянын Ирак менен чек арадагы турумдарына чабуул коюшту. Натыйжада 21 аскер өлтүрүлүп, кеминде 1 чек ара посту алардын көзөмөлүнө өткөнү кабарланууда. Айрым маалыматтарга караганда, Ирак Каим постун жаап, чек арага кошумча аскерлерин жөнөттү.

Борбор шаар Дамаскта козголоңчулар менен куралдуу күчтөрдүн кагылышуулары уланды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, армия артиллериядан шаардын жака белдерин аткылап жатты. Алдыңкы күнү өкмөттүк имаратта болгон жардыруудан коргоо министри орун басары менен, ички иштер министри жана чукул кырдаалдар мекемесинин жетекчиси набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG