Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

2013-жылы арзан насыя кайра иштетүүчү ишканаларга берилет


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов бүгүн Бишкекте айыл өкмөт башчылары менен курган жыйында 2017-жылга чейин орточо маянаны 30 миң сомго жеткирсе болоорун, бул турак жай өндүү социалдык маселелерди чечүү, үй-бүлөнү пландаштырууга мүмкүндүк берерин айтты. Ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөсүндө кеминде үчтөн бала төрөлүп, 2020-жылы элдин саны 7 миллиондон ашуусу керектигин билдирди.

Өкмөт башчы келерки жылы арзан насыя айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларга берилерин маалымдады. Мамлекет 2017-жылга чейин айыл чарбаны каржылоону 10 миллиард сомго жеткирет деп убада кылды. (EBM)

XS
SM
MD
LG