Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Быйыл алты айда жайыт акы 33 пайызга көп жыйналды


Жайыт комитеттери быйыл алты айда 30 миллиондон ашык сом жыйнады. Бул былтыркыга салыштырмалуу 33 пайызга көп.

Жайыт акыларды чогултуу боюнча Ысык-Көл, Талас жана Баткен облустары алдыда келатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жайыт департаменти маалымдады.

Департаменттин маалыматына ылайык, жаз, жай айлары - жайыт акылары аз чогулган убакыт болуп эсептелет. Акы төлөө адатта күзүндо башталат. Мыйзамга ылайык, малчылар жайыт акыны 1-октябрга, суук түшүп, мал короого кирип калган убакка чейин толугу менен төгүп бүтүшү керек. (EBM)

XS
SM
MD
LG