Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:22

Сот Тыныбековага Олимп оюндарына катышууга уруксат берди


Бүгүн Бишкектеги Ленин райондук соту Айсулуу Тыныбекованын ишин кароону баштады. Анда Тыныбекованын адвокатынын балбан кыздын баш коргоо чарасын өзгөртүп, Лондондо Олимп оюндарына катышып келсин деген өтүнүчүн канааттандырды. Жабырлануучу тарап бул арызды жокко чыгаруу боюнча Бишкек шаардык сотко кайрыла турганын билдирди.

Тыныбековага бейбаштык кылды деп кылмыш иши козголгон. Эркин күрөш боюнча спорт чеберин Нуриля Кочкорбаева аттуу жаран 17 жаштагы кызын сабап, натыйжада анын мурду сынып, мээси чайкалды деп сотко кайрылган. Окуя ушул жылдын апрель айында болгон.

Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков так олимпиадага жөнөөр алдындагы көтөрүлгөн чууну каралоо аракеттери менен түшүндүрүүдө.

Айсулуу Тыныбекова өлкөнүн эгемен тарыхында Олимп оюндарына жолдомо алган алгачкы балбан кыз. (EBM)

XS
SM
MD
LG