Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:26

Тлек Алибаев үй камагына чыгарылды


Бишкек шаардык соту бүгүн Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тлек Алибаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарды. Анын орун басары Базарбек Абдраимов менен башкармалыктыктын оперативдүү кызматкери Марс Зейналов камакта калды. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Алибаев менен анын орун басары Абдраимов ири өлчөмдө маңзат ташып сатууга тиешеси бар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Кылмыш ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев “Азаттыктагы” маегинде эки полковникти камоого негиз жоктугун билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG