Облуста 15 367 гектар жерге эгилген буудайдан орточо 28,4 центнерден түшүм өндүрүлүүдө. Түшүмдүүлүк былтыркыга караганда гектарынан 6,8 центнерден ашыкча жыйналып жатканы менен быйыл жаз кечиккендиктен буудай 19 388 гектарга аз эгилип, табигый кырсыктардын айынан 9 миң гектардан ашык жердеги кылкандуу дан эгиндери зыян тартты.
Буудай чабуу облустун Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Жалал-Абад, Аксы аймактарында жүрүүдө.
Облус буудай менен өзүн 23 пайыз гана камсыз кыла алат, керектөөнүн калганын ишкерлер сырттан ташып келет. Эл бир жылда 120 миң тонна буудай керектей турганы эсептелип чыккан. (YA)