Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:16

Дамаск "Асад өз ыктыяры менен кетет" дегенди жокко чыгарды


Дамаск шаарында өкмөттүк күчтөр менен оппозициялык топтордун кармашы уланууда. Күбөлөрдүн айтымында, аскерий тик учактар баш калаанын Саид-Зейнаб районуна сокку урганда 3 киши өлгөнү айтылууда.

Бейшембде сириялык укук коргоо тобу Дамасктын ар кайсы райондорунда 200 киши – аскер жана карапайым адамдар набыт болгонун билдирет. Бул маалыматтар башка булактардан тастыктала элек.

Сириянын маалымат министрлиги болсо президент Башар Асад өз ыктыяры менен «ыңгайлуу шартта» бийликтен кетүүгө даяр деген маалыматты четке какты. Мындай кабарды буга чейин француздардын радиосуна орустардын Париждеги элчиси Александр Орлов айтып жиберген эле.

Улуттар Уюмунда Сирия боюнча чоң державалардын кайым-айтышы күчөп баратат, бейшембиде Коопсуздук кеңешинин Сирия боюнча резолюция долбооруна Орусия менен Кытай вето койду.

XS
SM
MD
LG