Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Денвердеги атышууда 14 киши өлүп, 50дөн ашуун адам жарадар


АКШнын Колорадо штатынын Денвер шаарында кинотеатрда белгисиз бирөөнүн огунан 14 киши өлүп, 50дөн ашуун адам жарадар болду. Кабаларда айтылгандай, противогаз кийген бирөө кинотеатрга кирип келип, көздөн жаш чыгарган газ толтурулган баллонду жарып, андан cоң отургандарга ок ачкан.

Күбөлөрдүн бири Паул Отермат телефна аркылуу Sky News агенттигине окуяны мындайча айтып берди:

- Ал кадимкидей эле басып кирип, көздөн жаш чыгарган газды чачыратты. Андан кийин эмне болгонун мен так айта албайм, анан ал аткылай баштады.


Полиция кылмышка шектүү деп бирөөнү кармаганы маалымдалды. Кинотеатрга кол салгандар бир нече киши болушу мүмкүн деген божомолдор да бар. Окуя болгон районду полиция курчоого алып, атайын иликтөө иштери башталды.

XS
SM
MD
LG