Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Татарстанда диниятчыларга кол салууга шектелген 5-киши кармалды


Орусиянын Тергөө комитети бейшемби күнү Казанда болгон кол салууларга шектүү делген дагы бир кишини кармады. Мекеменин өкүлү Владимир Маркин кармалган киши Өзбекстандын 35 жаштагы жараны Абдунозим Атабоев экенин билдирди.

Буга чейин "Идел-Хадж" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Рустем Гатауллин, "Вакф" уюмунун директору Мурат Галеев жана дагы жергиликтүү тургундар Айрат Шакиров менен Азат Гайнутдинов кармалаганы маалымдалган.

Бейшембиде Казанда Татарстандын муфтийи Илдус Фаиздин автоунаасын белгисиз бирөөлөр жардырып, муфтий оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Муфтийдин орун басары Валиулл Якуповду болсо атып өлтүрүшкөн.

Тергөө диниятчыларга карата чабуулду алардын ишмердүүлүгү менен байланыштырууда.

XS
SM
MD
LG