Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

Кумтөрдө жүздөн ашык киши тамакка ууланды


Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кумтөр" компаниясынын коомчулук менен байланыш кызматынын менеджери Керим Шатманов билдирди. Анын айтымында, уулануу болгонун ишкана адистери 20-июлда аныкташкан. Уулануу себеби тамак-ашка байланыштырылууда.

Ууланган жумушчулардын төртөө Бишкектеги жугуштуу оорулар бейтапканасында, калгандары Ысык-Көл облустук бейтапканасында дарыланышууда. Өздөрүн жакшы сезгендер үйлөрүнө кайткандыгы да айтылууда.

Бишкек шаардык санэпидемстанциянын башкы дарыгеринин орун басары Махамад Мурзалиев Бишкекте дарыланып жаткандар тууралуу "Азаттыкка" буларды айтты:

-19-июлда ууланганын билбей эле ооруп жаткандыктан дарыланып келгиле деп шаарга жөнөткөн экен. Бирок жугуштуу оорулар бейтапкансына кечээ, бүгүн түнү түшө башташты.

Санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Төлөн Исаковдун билдиришинче, уулангандар арасында оор абалдагылар байкала элек.

"Кумтөрдүн" тамак-ашын жергиликтүү санэпидемстанциянын кызматкерлери экспертизадан өткөрүп жатат деп билдирди адис. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG