Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

АКШ кинотеатрдагы ок атуунун курмандыктарына аза күтүүдө


Колорадо штатынын Денвер шаарындагы кинотеатрда ок атуудан набыт болгон 12 кишиге АКШ боюнча 5 күндүк аза күтүү жарыяланды.

Президент Барак Обама жана алдыдагы президенттик шайлоодо анын атаандашы Мит Ромни өздөрүнүн үгүт иш-чараларын токтотушту. ММКда кетип жаткан үгүт материалдар да алынды.

Жумага караган түнү 24 жаштагы Ден Оутс "Бэтмен" тасмасы көрсөтүлүп жаткан кинотеатрга кирип, кино башталгандан кийин туш келди ок ача баштаган. Ал кара кийимчен болгон жана газдан коргончу каражатты кийип алган. Көздөн жаш чыгарчу газды чачып, андан соң ок чыгарган. Андан 12 адам набыт болуп, 59у жараат алды, жок дегенде 12 адамдын абалы өтө оор экени айтылууда.

Кылмышкерди мындай аракетке эмне түрткөнү такталууда. (AKu)

XS
SM
MD
LG