Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:41

Орусияда президент бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү талаштуу мыйзамга кол койду


Президент Владимир Путин кол койгон ал мыйзамга ылайык, чет мамлекеттерден алынган акчага иштеп, Орусияда саясатка аралашкан коммерциялык эмес уюмдарга “чет өлкөлүк агенттер” деген макам берилет. Буга чейин мыйзам долбоорун парламенттин эки палатасы тең жактырган. Анын негизинде эми андай бейөкмөт уюмдар Юстиция министрлигинен атайын каттоодон өткөрүлөт жана жылына төрт жолу өздөрүнүн финансылык иштери боюнча кеңири отчет берип турушу керек.
Активисттер арасында бул мыйзамды “бийликке сынчыл көз караштагы уюмдарды кысмактоо” катары кабыл алгандар көп.

Бир нече күн мурда Мамлекеттик думага жаңы мыйзам долбоору кароого түшкөнү, ага ылайык, жумурияттагы маалымат каражаттары чет жактан ала турган акчасын так көрсөтүшү зарыл экени айтылууда.

XS
SM
MD
LG