Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Дагестанда жикчилерге каршы атайын операция аяктады


Орусиянын Кавказдагы Дагестан республикасында тартип коргоо органдары бүгүн козголоңчуларга каршы жүргүзүлгөн операция жыйынтыкталганын кабарлашты. Операция бүгүн эртең менен борбор калаа Махачкаладагы Киров районунда башталган. Кабарларда “козголоңчулардын тобу” жөнүндө гана сөз болгон. Алар бир үйдүн ээлерин кармап алышканы кабарланган эле. Полиция анын айланасындагы үйлөрдүн жашоочуларын башка жакка жылдырды. Козголоңчулар каршылык көрсөтүүнү токтотушпагандыктан, аскерлер ал үйгө чабуул коюшкан. Жыйынтыгында козголоңчулар “жок кылынганы” гана айтылды, бирок канча адам өлгөнү кабарланган жок. Аскерлер тараптан да жоготуулар болгон-болбогону жөнүндө маалымат жок.

XS
SM
MD
LG