Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:18

Обама АКШда кинотеатрдагы чабуулда өлгөндөрдүн туугандары менен жолугушат


Бүгүн АКШнын президенти Барак Обама Колорадо штатында кинотеатрга чабуул учурунда өлгөндөрдүн туугандары менен жолугушмакчы. Кинотеатрда жума күнү адамдарга туш келди ок чыгарган деп шектелген Жеймс Холмско азыр “башка бирөөлөр кол тийбесин” деген максатта полиция аны жалгыз абакта кармап турганын кабарлады.
Анын чабуулунан 12 адам набыт болгон, 58 киши жаракат алган, айрымдарынын абалы оор. Эртең Холмско расмий түрдө айып тагылат деп жатышат. Ал арада бийликтер ал окуяда өлгөндөрдүн ысымдарын жарыялады. Кечээ Холмс жашаган батирдеги бомбаны иштен чыгарыш үчүн полиция алыстан башкарыла турган роботту колдонгон.

XS
SM
MD
LG