Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

"Мегакомдун" мурдагы жетекчилеринин иши сотко өттү


Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн "Альфа телеком" жабык акционердик коомунун мурдагы башкы директору Азамат Мурзалиевдин адвокаты Виктория Каргабаева билдирди. Анын айтымында, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тергөөнү аяктады.

- Бизге иш сотко жиберилгенин айтышты. Бирок "сотко жиберилди" деген билдирүү келе элек. Мурзалиевге таандык кээ бир эпизоддор боюнча кылмыш иши токтотулган, - дейт адвокат.

Жыл башында УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Мегаком» уюлдук операторлорунун башчылары – «Альфа Телекомдун» башкы директору Азамат Мурзалиевди, анын кеӊешчиси Алмаз Абековду жана «Новострой сервис» ишканасынын башчысы Кенжебек Аман уулун мамлекет казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыптап, убактылуу камакка алган. (ТТо)

XS
SM
MD
LG