Бул тууралуу Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кумтөрдө уулангандардын саны 142ге жетти. Алардын ичинен 78 адам ооруканага кайрылган жана басымдуу бөлүгүнүн абалы орто.
Учурда Кумтөрдөгү санитардык абал, ашкана текшерилип жатат. Анда иштеген кызматкерлерден алынган анализдин жыйынтыгы да бүгүн белгилүү болот.
Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тарады. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болду. (EBM)