Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:25

АКШ Сирияга химиялык курал колдонбоону эскертти


Кошмо Штаттары химиялык куралды колдонууга аракеттенген Сирия бийлигинин кайсы болбосун өкүлүн жоопко тартат. Бул тууралуу кечээ Ак үйдүн маалымат катчысы Жэй Карни билдирди. Анын айтымында, Вашингтон Сириянын кошуналары менен ал өлкөдөгү химиялык куралдын арсеналы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Ал тапта Дамаск менен Алеппо шаарларында атышуулар уланууда. Укук коргоочулар борбор калаанын өкмөттүк күчтөр кайтарып алган районунда оппозицияны колдоо үчүн шектелген 20 чакты жайкын тургун атып өлтүрүлгөнүн маалымдашты. Алеппо шаарында козголоңчулар өз көзөмөлүнө бир нече чөлкөмдү алышканын ырасташууда. Араб Лигасы Асад режимине каршы күрөшүп жаткан Сириянын Эркин армиясын улуттук биримдик өткөөл өкмөтүн түзүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG