АКШ президенти Барак Обама Аврора шаарында түнкү ок атууда курман болгондордун жакындары менен жолугшуу үчүн Колорадо штатына барды. 24 жаштагы Жеймс Холмстун колунан жума күнү кинотеатрдагы 12 киши ажал тапты, 58 киши жарадар болду. Обама шаардагы клиникада оор абалда жаткандарды көрүп кетти. Полиция Холмстун үйүндө компьютер табылганын маалымдады. Тергөөчүлөр андан кол салууга тиешелүү материалдарды табууга үмүттөнүшөт. Бүгүн Холмс сотто сурак бермекчи. Окуядан кийин ал даро камакка алынган.