Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Өмүрбек Бабанов Москвага барат


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаровдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн прмьер-министр Өмүрбек Бабанов Орусияга иш сапары менен барат. Эки күндүк сапардын алкагында Бабанов Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушат. Анда энергетикалык, соода-экономикалык жана бир катар стратегиялык маанидеги долбоорлор талкууланат. Мындан сырткары Бабанов Воронеж облусуна барып, “Советтер Союзунун Баатыры» наамын алган кыргызстандык Чолпонбай Түлөбердиев атындагы орто мектепте эстеликтин ачылышына катышат.

Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандагы Орусия базаларынын бир базага бириктирүү маселеси, анын жол жобосу да ушул иш сапардын алкагында талкууланарын жазып чыгышты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG