Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:37

Чүй ИИБинин жетекчилеринин бири кыйноо боюнча айыпталууда


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилеринин бири мыйзамсыз кармалган жаранды кыйнады деп айыпталууда. Милиция кызматкери арыз берген адамды мыйзамсыз кармап, иш бөлмөсүндө физикалык жана психикалык кысым көрсөтүү менен 20 саат эркиндикке чыгарбаганы айтылууда. Соттук-медициналык экспертиза дагы арыз берүүчү кыйноого кабылганын аныктаган. Натыйжада Чүй облустук прокуратурасы облустук ички иштер башкармалыгынын жетектөөчү кызматкерлеринин бирине "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "кыйноо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоочулар Кыргызстанда кыйноо фактылары азайбаганын, алардын 80 пайыздайы милиция тарабынан жасаларын билдирип келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG