Вашингтондо ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк конференция өтүүдө. Дүйнөлүк банктын президенти Жим Ен Ким жекшемби күнү жыйындын ачылышында сүйлөп, СПИДди “тукум курут кылуу” мүмкүн деди. Бирок Улуттар Уюмунун СПИДге каршы күрөштү координацилоо агенттиги - ЮНЭЙДСтин (UNAIDS) директору Мишель Сидибе дүйнө өлкөлөрү алаамат дартка каршы жылына сарптап жаткан 16, 8 миллиард доллар жетишсиз, дагы 7 миллиард доллар зарыл деди. Акыркы отуз жылда СПИДден 30 миллиондон ашык адам өлгөн.
2005-жылдан бери ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдар 22 пайызга көбөйгөн.
БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун жылдык жыйын алдындагы кайрылуусунда ВИЧтин Чыгыш Европа жана Борбор Азияда жайылып баратканына көңүл бурду.