Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлөн Исаков билдирди. Анын айтымында, учурда Кумтөрдөгү уулануу фактысын Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Тамак-аш, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ изилдеп жатат. Жыйынтыгында бардык материалдар облустук прокуратурага тапшырылат.
- Тамак-аш менен байланыштуу тейлөө жагында иштеген эки адам инфекция алып жүрүүчү катары шектелип жатат. Ошол экөө себеп болушу мүмкүн. Толук жыйынтык 2-3 күндө чыгып калат, - деди Исаков.
Ууланды деп ооруканага кайрылгандардын жалпы саны 142. Ал эми ооруканага жаткырылгандардын саны 92. Кумтөрдөгү массалык уулануу тууралуу кабар 20-июлда тараган. Бирок уулануу 18-июль күнү эле болуп, ооруканага алгачкы эки адам ушул күнү кайрылганы маалым болгон. (КЕ)