Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:08

Иран армиясы Ормуз кысыгын жаппайт


Иран Ормуз кысыгын пайдаланып жаткандыктан стратегиялык жактан маанилүү деңиз жолун буубайт. Ирандын деңиз күчтөрүнүн орун басар командири, адмирал Алиреза Тангсиринин сөзүнө караганда, Иран "жалпы жоопкерчилгин сезип", дүйнө базарына чыккан кара майдын 40 процентке жакыны ташылган Ормуз кысыгын жаппайт.

Ирандык саясатчылар жана генералдар кысыкты жабуу зарылдыгын дембе-дем айтып жүрүшөт. Иран парламенти Европа Биримдигинин Иранга санкция жарыялаганына жооп кылып, маанилүү кысыкты жабууну сунуш кылган мыйзам долбоорун талкуулап көргөн.

Санкция Иран ядролук бомба жасоого аракеттенип жатат деген кооптонуудан улам киргизилген. Тегеран уран тынчтык максатында байытылганын айтып келет.

XS
SM
MD
LG