Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Тажик генералынын өлүмүнө байланыштуу эки адам кармалды


Тажикстан коопсуздук кызматынын мартабалуу офицерин өлтүрүүгө байланыштуу Бадахшан автоном облусунун байтакты Хорогдо эки киши кармалганы маалымдалды. 56 жаштагы Абдулло Ниязов ишемби күнү регионго барганда белгисиз бирөөлөр мууздап кеткени кабарланган эле. Башкы прокурорлуктун билдиришинче, генерал Ниязовдун өлүмүнө Бадахшанда тамеки менен мыйзамсыз соода кылган топтордун тиешеси бар. Кандуу окуя болгон аймакка Тажикстандын атайын күчтөрү жөнөтүлгөнү да кабарланды.

XS
SM
MD
LG