Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Сирия Араб Лигасынын сунушун четке какты


Сирия өкмөтү химиялык куралдарды тыш өлкөлөрдүн “агрессиясына” каршы гана колдонот. Бул жөнүндө дүйшөмбү күнү Дамаскиде билдирген Сириянын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Жихад Макдиси ар кандай курал өлкө жарандарына каршы колдонулбасын айтты:

- Сирия Араб Республикасынын кармагындагы ар кандай массалык кыргын салчу, же кадимки куралдар азыркы кризис учурунда кандай гана жагдайда болбосун, кризис кандай өнүкпөсүн эч качан жарандарга же Сирия элине каршы колдонулбайт.

Жихад Макдиси химиялык куралдар сакталчу жайларды аскерлер кылдат күзөтүп жатканын кошумчалады. Ал ошондой эле Дамаскидеги коопсуздук кырдаалы жакшырып баратканын да белгиледи жана Араб Лигасынын президент Асадка “коопсуздук берүү” сунушун четке какты.

XS
SM
MD
LG