Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Мюнхен Олимпиадасында каза тапкан израилдиктер эскерилди


Эл аралык Олимпиада комитетинин төрагасы Жак Рогге 1972-жылы Мюнхен Олимпиадасы маалында теракттан набыт кеткен израилдик 11 спортсмендин арбайына таазим этти. Кандуу окуянын 40 жылдыгына арналган эскерүү Лондондо Олимпиада кыштагында өткөрүлдү.

Палестиналык 8 куралчан адам Мюнхенде спортсмендер жашаган комплекске кирип барып, Израиль командасынын 11 мүчөсүн барымтага алып, эртеси бардыгын тындым кылышкан. Германия полициясынын барымтадагыларды бошотуу операциясынан майнап чыккан эмес. Анын жүрүшүндө 5 согушкер атып өлтүрүлгөн. Кийин калган 3 кишини израилдик агенттер таап жок кылышкан.

XS
SM
MD
LG