Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Кремер Кыргызстандагы демократиянын абалына тынчсызданды


Дүйнөдө басма сөздүн абалына байкоо салып турган Freedom House эл аралык уюмунун директору Дэвид Кремер бул тууралуу оюн бүгүн Бишкекте жарандык активисттер менен жолугушкан учурда билдирди. Ал 2011-жылы Советтер Союзу кулагандан кийин Борбор Азияда бийлик биринчи жолу тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилгенин, бул олуттуу жетишкендик экенин белгиледи. “Бирок бардыгы демократиялык жолдо өнүгүп, кырдаал ушул бойдон каларына ишенбейбиз. Биз коомдук уюмдар менен өкмөттүн ортосунда диалог түзүүгө аракет кылабыз”, – деди Кремер. Бул тууралуу жолугушууга катышкан Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун медиа эксперти Зарина Урмамбетова “Азаттыкка” кабарлады. Freedom House уюумунун баасы боюнча, Кыргызстан толук эмес демократиялуу өлкөлөрдүн катарына кирет.

Freedom House эл аралык уюму май айында жарыялаган жылдык баяндамасында Кыргызстанды былтыркыдай эле басма сөзү “эркин эмес” делген өлкөлөрдүн катарына кошкон. Ага ылайык 197 өкөнүн ичинен Кыргызстан 155-орунду ээлеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG