Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулушу мүмкүн


Учурда парламенттин айрым фракциялары жакын арада кезексиз жыйын өткөрүү демилгесин көтөрүп, өз ара кол топтой баштады. Анда өкмөттү кетирүү маселеси каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев билдирди. “Августта эки-үч ири кен сатылганы жатат. Ал мыйзамсыз болуп кетиши мүмкүн деген негизде кезексиз жыйынды эртерээк өткөрөлү деп жатышат. Дээрлик көпчүлүк депутаттар макул болушууда”, - дейт депутат. Азырынча канча депутат кол койгону, жыйын качан өтөрү тууралуу маалымат айтылган жок.

29-июнда, парламент жайкы эс алууга кетээр алдындагы акыркы жыйында иш күнү аяктап калганда спикерге 45 депутат кол койгон кайрылуу түшкөн. Анда өкмөттүн отставкасын талкуулоо керектиги айтылган. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов болсо ар бир беш айда өкмөттү алмаштыра берүү өнүгүүгө алып келбей турганын буга чейин билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG