Тажикстандын түштүгүндөгү Тоолу Бадахшан автономдук облусунун Хорог шаарында УКМКнын аймактык жетекчисин өлтүргөн деп шектелгендерди кармоо операциясында күч органдары олуттуу жоготууга учурады. Азырынча аткылашууда 10 аскер кызматкери набыт болуп, дагы 25и жарадар болгону айтылууда. Учурда Хорог шаарында дүкөндөр жабылып, телефон байланышы үзүлдү, асманда тик учактар айланып жүрөт. Мыйзамсыз куралчан топ менен күч органдарынын аткылашуусунда жергиликтүү жай тургундардын арасында окко учкандар бар.
Өткөн ишемби күнү УКМКнын Тоолуу Бадахшан автоном облусу боюнча жетекчиси генерал Абдулло Назаровду облустун Ишкашим районунда жолдо бараткан учурунда 20 чакты жаштар автоунаасын токтотуп, мууздап салышкан. Назаровдун жанында отурган куралчан кесиптештери ага кол салуу учурунда эмне үчүн жардам бербегени азыр иликтенүүдө.