Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Түштүк Корея президенти жакындарынын коррупциялык иштери үчүн элден кечирим сурады


Президент Ли Мен Бак анын агасы жана мурдагы жардамчылары коррупциялык ызы-чуунун “каармандары” болгону үчүн сыналгы аркылуу элден башын ийип кечирим сурады. “Мен жакындарым өлкөдөгү ызы-чуунун себепчиси болгону үчүн сиздерден башымды ийип кечирим сурайм”,-деди президент Ли Мен Бак телекайрылуусунда. Анын агасы Ли Сан Дык аудитордук текшерүүдөн качкан эки ири банкты куткарам деп жарым миллион доллар пара алганы айтылып, өткөн айда камакка алынган. Азыркы президенттин мураскери болот деп айтылып жаткан саясатчынын мындай ишке барышы декабрда өтчү президенттик шайлоодо башкаруучу партиянын талапкеринин беделине чоң көлөкө түшүргөндөй болду.

XS
SM
MD
LG