Кыргызстандын өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов Москва шаарында Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушту. Медведев жаңы ири долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кыргыз бийлигин карызды төлөөгө чакырды. Бул тууралуу Орусиянын РИА Новости агенттиги жазып чыкты. Медведев карыз маселеси азыр эле чыга калбаганын, анын кандай чечилери буга чейин талкууланганын белгилеген. Өз кезегинде Бабанов мурда айтылып жүргөн Орусия Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү экенин кайталаган. Кыргызстан Орусияга 500 млн. доллар карыз.
Өкмөт башчы Өмурбек Бабанов Москвага эки күндүк иш сапары менен кечээ барган. Иш сапардын алкагында энергетикалык, соода-экономикалык жана бир катар стратегиялык маанидеги долбоорлор талкууланары айтылган. Айрым маалымат каражаттары Кыргызстандагы Орусия базаларынын бир базага бириктирүү маселеси, анын жол-жобосу да ушул иш сапарда чечилерин жазышкан. (КЕ)