Британ өкмөтү Олимпиада оюндарында коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча 1 миң 200 аскер тартылганын маалымдады. Спорт министри Жереми Хант бул чаранын конкреттүү бир коркунучка тиешеси жок деди. Бардыгы болуп Лондон Олимпиадасында 18 миң жоокер коопсуздукка байкоо салышат. Андан тышкары 20 миң коопсуздук кызматкери иштейт. Оюндардын ачылыш аземи ушул жума күнү болот.